Изилдөө: Бишкектеги полигонго күнүгө 10 тонна текстиль калдыгы ыргытылат

25.09.2023, 12:45 Акчабар
Изилдөө: Бишкектеги полигонго күнүгө 10 тонна текстиль калдыгы ыргытылат

Кыргызстанда жеңил өнөр жай тармагынын таштанды калдыктары эң чоң көйгөйлөрдүн бири. Бул таштанды калдыктары Бишкектеги ыштын негизги себептеринин бири экени да айтылып келет.

Бишкекте кездеме калдыктарын жана эски кийимдерди кайра иштетүү боюнча экологиялык “Art Trash Prospect” фестивалы өттү. Аталган фестивалдын максаты -  жеңил өнөр жай тармагынын экологияга тийгизген терс таасирин коомго жеткирүү, бул багытта ишкерлердин социалдык жоопкерчилигин калыптандыруу, жогорулатуу жана текстиль таштандысын кайра иштетүү аң сезимдүүлүгүнө үндөө болуп саналат. 

Фестивалдын алкагында, өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынан чыккан таштандылар боюнча “Текстиль калдыктарысыз” аттуу изилдөөнүн жыйынтыгы айтылды. Изилдөөнү таштандыларды туура кайра иштетүү жаатындагы “Tazar” уюмунун мүчөлөрү Бермет Бөрүбаева, Аймээрим Турсалиева жана Оксана Капишникова жасаган. 

"Изилдөөө ылайык, Бишкектеги эле полигонго күн сайын 8-10 тоннадай кездеме калдыктары ыргытылат. Ал эми мунун саны алдыңкы убакта дагы да  өсүшү мүмкүн. Анткени Бишкекте жумушчу күч жетишпегендиктен аймактарга буйрутмалар берилип,  жеңил өнөр жай аймактарда да өнүгүүдө. Натыйжада, текстиль калдыктары дагы да көбөйүүдө. Бул келечекте аймактарда ыш маселесин жаратары анык", - деп айтылат маалыматта. 

“Тазалыктын” 2022-жылындагы маалыматына ылайык, Бишкекте 896 тигүү цехи бар болсо, анын 384ү гана текстиль калдыктарын полигонго ташуу боюнча ишкана менен келишим түзгөн. Демек, Бишкектеги полигонго жеткирилген кездеме таштандылары 10 тоннадан кыйла көп. Анткени, ал жакка жетпей өрттөлгөн же башка таштанды жайларына ыргытылган текстиль калдыктары да көп.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, Бишкектеги текстиль калдыктары туура эмес иштетилет. 

“Таштанды полигонуна ташталбаган калдыктар мончого жагылып, же үйдү жылытуу үчүн колдонулат. Шаардагы абанын сапатынын начардыгы мына ушундан. Бишкек шаардык таштанды полигонунун текстиль калдыктарын туура өрттөө боюнча техникасы бар. Бирок анын кубаттуулугу шаардагы бардык тигүү цехтеринен чыккан таштанды калдыктарын зыянсыздандырып, жок кылууга күчү жетпейт”, - дейт изилдөөчүлөрдүн бири Аймээрим Турсалиева.  

Фестивалдын катышуучусу “Sherden” брендинин жетекчиси Миррахим Опош аталган фестивалдын максаты экологиялык көйгөйлөргө көңүл буруу экендигин баса белгилеп, учурда дүйнөлүк мода да сарамжалдуулукка маани берип жатканын айтты. 

“Дүйнөдө сарамжалдуу модага маани берилүүдө. Күнүгө дүйнөдө канчалаган кийим өндүрүлөт. Бизде кездеме калдыктарын метрлеп чыгаргандар бар. Биз утурумдукка эмес, узак мөөнөттүүлүккө көңул бурушубуз керек. Азыр дүйнөдө “тез татым” эмес, “жай татым” дегенге көңүл бурулууда. Булардын баары өзгөрүлмөлүү заманда биздин адемгерчилигибизди, табият менен болгон мамилебизди туюндурат”, - дейт ал. 


Ошондой эле, Оппош ишкерлерди социалдык жоопкерчиликке чакырды.  

“Социалдык жоопкерчилик - бул өзүңдүн ишкерлигиң эч кимге зыян алып келбеши керек. Ооба, акча таап жатасың, жумуш ордун камсыздап жатасың. Бирок, сенин ишкерлигиңдин изи кандай, кандай из калтырып жатасың ошол маанилүү. Жыл сайын Бишкек ышка толот, тилекке каршы азыр ошол нерсе аймактарга жылып жатат”, - деп кошумчалады ал. 

Уюштуруучулар жеңил өнөр жай тармагындагы таштандыларды кайра иштетүү жаатында нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгууну, тигүү цехтеринин өзүндө калдыктарды иштетүү боюнча шарттарды түзүүнү жана өндүрүлүп жаткан материалдардын сапатын жогорулатууну жана бул тармакта маалыматтык-агартуучулук иштерин күчтөндүрүүнү белгилешти. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу