Бишкектин Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Беш лаваш" жана "Мидос" тез татым жайларынан 21 адам ууланып, алардын 15и ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тез татым түйүндөрүнө 72 миң сом айып пул салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылды.
"Уулангандардын 15и ооруканага жаткырылды. Бейтаптардын экөө балдар. Алты адам үйүнөн дарыланууга чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.