Учурда Бишкек шаарында ири көчөлөрдү оңдоо иштери жүрүүдө. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы капиталдык оңдоодон өтүп жаткан көчөлөрдү көрүп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоо 4 этап менен ишке ашат. Учурда жолдун Ч.Айтматов көчөсүнөн А. Токтоналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылып, жол курулушу жүрүп жатат.
“Жалпысынан 8 этап менен ишке ашырылуучу оңдоо иштеринин, учурда И.Ахунбаев менен А.Токомбаев көчөлөрү менен чектелген бөлүгү жабылып курулушу жүрүүдө. Ал эми жалпысынан 6 чакырым жолду жасоо үчүн 483,9 млн сом каралган”, - деп айтылат маалыматта.