11-сентябрдан 13-сентябрга чейин Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Жаманбаев, Токтоналиев, Шакиров жана Ахунбаев көчөлөрү менен чектешкен аймактарда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкекгаздын” басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул күндөрү газды көзөмөлдөө пунктун (№11 ШГРП) пландуу алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Негизги максат газ бөлүштүрүүчү тармактарды алдыдагы күз-кыш мезгилинде коопсуз жана туруктуу иштөөгө даярдоо.
“Бишкекгаз” келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн тургундардан кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газын берүүнү мажбурлап өчүрүүгө түшүнүү менен мамиле кылууну жана энергиянын альтернативдүү булактарына убактылуу өтүүнү суранат.