Бишкектин борбордук бөлүгүндө 21-июндан 9-июлга чейин газ өчүрүлөт. Учурда жаңы газ кууруна байланыштуу оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу "Акчабарга" "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Бишкекгаз” ишканасы Фрунзе көчөсүнөн Осмонкулдан Калык Акиевге чейинки бөлүгүнө тартылган жаңы газ түтүгүнө абоненттерди кайра туташтырат.
Ишканадан белгилешкендей, Москва жана Осмонкул көчөлөрү, Жибек Жолу жана Жаш Гвардия проспектилери менен чектешкен аймактарда жашаган абоненттерге газ берилбейт.
“Газпром” ишти төрт этап менен жүргүзүүнү жана ар биринен кийин кезек менен абоненттерди кошууну пландаштырууда. Бардык этаптар үчүн аяктоо датасы 9-июль. Газ кызматы ишти тездетүүгө аракет кылат”, - деп айтылат маалыматта.