Бишкектин коомдук транспортунда жол кире 30 сомду түзүшү мүмкүн

13.10.2023, 09:15 Акчабар
Бишкектин коомдук транспортунда жол кире 30 сомду түзүшү мүмкүн

Бишкектин коомдук транспортунда накталай төлөгөндө жол кире 30 сомду түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу шаардык кеңештин отурумунда вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.

Анын айтымында, шаар тургундарын накталай эмес төлөм системасына толугу менен өткөрүү үчүн дифференцияланган тариф киргизүү пландалууда. Ага ылайык, тулпар картасы менен жол кире 11 сом, ал эми накталай 30 сомду түзүп калат.

"Мындай учурда айдоочулар жүргүнчүлөргө чек берүүгө милдеттендирилет", - деди Сазыкулов.

Эске салсак, ордо калаанын муниципалдык коомдук транспорту накталай эмес төлөм системасына өткөрүлгөн.

Тэги: жол кире Бишкек вице мэр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу