Бүгүн, 23-январда негизги криптовалюта 22 миң 750 долларга сатылууда. Маалыматтар Tradingview аналитикалык порталында берилген.
Бир жуманын ичинде 16-январдан 23-январга чейин биткоин 21,1 миң доллар деңгээлинен 7%га өсүп, 1,5 миң доллардан ашык нарк кошкон.
Ethereum да өсүштү көрсөттү. Бир жуманын ичинде негизги альткоиндин наркы 5,4% га, 1550 доллардан 1635 долларга чейин кымбаттады.
Криптовалюта рыногунда өткөн жуманын лидерлери - 4,71% өсүш менен Solana жана 2,98% менен Dogecoin болду.