«Биз мындай кылбайбыз!» бизнес-романы кыргызчаланды

22.02.2024, 12:00 Акчабар
«Биз мындай кылбайбыз!» бизнес-романы кыргызчаланды

“Биз мындай кылбайбыз!” бизнес-романы кыргыз тилинде жарыкка чыкты. Бул тууралуу китепти басып чыгарган “Китепстан” басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев “Акчабарга” билдирди. 

Анын айтымында, бизнес-романда уюмдар кантип түптөлүп, өсүп, кулап кайра көтөрүлө турганы жөнүндө баяндалган. Кайсы бир уюмдун узак мөөнөттүү ийгилигин кантип камсыздоо керектиги сурикаттардын мисалында берилген.  

“Бул китептен окурман коркунучтардан кантип сактанууну, мүмкүнчүлүктөрдү кантип туура пайдаланууну, баарыбыз үчүн баалуу болгон нерселерди кантип ишке ашырууну  үйрөнө алат”, - дейт ал. 

Китеп бизнесмендерге, менежерлерге, уюм жетекчилерине сунушталат. Авторлору – Жон Коттер жана Холгер Ратгебер. 

Китепти кыргызчага которгон Айнуру Булекбаева, редактору Жаңылай Аалиева, корректору Жетиген Асанбек, версткасы Таттыбүбү Ырысбайга таандык. Китеп Жодар Сайдилкандын колдоосу менен кыргызчаланды. 

Тэги: Китепстан китеп котормо бизнес-роман ишкерлер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу