Россиянын бизнес-делегациясы Кыргызстандын фармацевтикалык ишканалары менен таанышат

23.06.2022, 09:10 Акчабар
Россиянын бизнес-делегациясы Кыргызстандын фармацевтикалык ишканалары менен таанышат

Орус тараптын сапары 22-июнда Бишкекте башталды. Делегациянын курамында эки тараптуу кызматташтыкты орнотууга жана кыргызстандык өнөктөштөр менен байланыш түзүүгө кызыкдар беш компаниянын өкүлдөрү бар.

Миссиянын биринчи күнүнүн алкагында Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Эльмира Батаеванын жетекчилиги астында B2B форматындагы жолугушуулар өткөрүлдү. Аларга 30га жакын ата мекендик компания катышты. Кыргызстандык ишкерлер россиялык компаниялардын курулуш жана фармацевтикалык продукциялары менен таанышып, кызматташуунун шарттарын түз талкуулай алышты.

Жолугушуунун катышуучуларынын бири, Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү Гүлбара Барктабасова B2B форматындагы жолугушуулар жаңы мамилелерди түзүү үчүн эң эффективдүү экенин белгиледи.

“Бүгүн биз Россиянын экономикасынын реалдуу сектору, алдыңкы компаниялары менен жолугушуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Заманбап пансионаттын курулушун бүтүргөндүктөн коммерциялык сунуш менен келдим. Орустар үчүн албетте кыргыз туризми бардык мейкиндиктерди ачты. Мен Нижний Новгороддун Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү менен жолугуштум – биздин маалымат россиялык тараптын Соода-өнөр жай палатасы аркылуу таратылат”, — деди Барктабасова.

Бүгүн, 23-июнда Россиянын делегациясы Соода-өнөр жай палатасынын көмөгү менен жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүп, Кыргызстандагы бир катар фармацевтикалык жана курулуш компанияларына барып, өндүрүш менен жеринде таанышат.

Тэги: ТПП КР Кыргызстан бизнес Россия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу