Кыргыз фондулук биржасына бизнес 686,3 млн сом тартты

20.07.2021, 11:50 Акчабар
Кыргыз фондулук биржасына бизнес 686,3 млн сом тартты

Жыл башынан бери ата мекендик компаниялар акцияларды жана облигацияларды жайгаштыруу жолу менен Кыргыз фондулук биржасынын баштапкы рыногуна 686 миллион 298 миң сом тартты. Бул тууралуу биржа маалымдады.

Маалыматка ылайык, июнь жана май айларында компаниялар эң көп акча чогултушкан. Жыл башынан бери бизнеске түшкөн каражаттардын жалпы көлөмүнүн 66,5% алардын үлүшүнө туура келет.

Ал эми жыл башынан бери Кыргыз фондулук биржасынын баштапкы жана экинчи рынокторунда жалпы суммасы 1 млрд 81,9 млн сомду түзгөн 90,2 млн баалуу кагаздар менен жалпы 1113 бүтүм жүзөгө ашырылган. 

Тэги: биржа бизнес деньги акции облигации

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу