Бизнес коомчулукка кризиске каршы чаралардын планынын долбоору сунушталды

02.03.2022, 09:54 Акчабар
Бизнес коомчулукка кризиске каршы чаралардын планынын долбоору сунушталды

Кечээ, 1-мартта Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана Финансы министри Алмаз Бакетаев бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, анда дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу кризиске каршы чаралар планынын долбоорун талкуулады.

Амангелдиев белгилегендей, антикризистик чаралардын комплекси биринчи кезекте ишкерлерге жеңилдетилген каржылоону кароону, валюталык интервенция аркылуу сомдун курсунун кескин өзгөрүшүн жумшартууну камтыйт.

Чет элдик валютада насыя алган юридикалык жактарга да жардам көрсөтүлөт.

“Негизги керектелүүчү товарларга баалардын алып-сатарлык өсүшүнө жол бербөө максатында ири өндүрүүчүлөрдүн бааларына туруктуу мониторинг жүргүзүү, ошондой эле социалдык маанидеги товарлардын мамлекеттик материалдык резервдерин зарыл болгон көлөмдө толуктоо жана сактоо улантылат”,- деди Амангелдиев.

Жалпысынан пландын алдын ала долбоору бизнес коомчулугу тарабынан жактырылды жана бул жумушчу жолугушууда келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен жакынкы аралыкта такталып бүтөт.

Тэги: антикризисные меры Кыргызстан бизнес экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу