Кыргызстанга «Qatar Charity» кайрымдуулук фонду 15 млн долларлык жардам көрсөттү

10.10.2022, 15:18 Акчабар
Кыргызстанга «Qatar Charity» кайрымдуулук фонду 15 млн долларлык жардам көрсөттү

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катар мамлекетине болгон иш сапарынын алкагында “Катар Черити” кайрымдуулук фондунун башкы аткаруучу директору Юсуф бин Ахмед Аль-Кувари менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Юсуф Аль-Куваринин айтымында, акыркы бир нече жылда Кыргызстанга 15 миллион доллар өлчөмүндө жардам көрсөтүлгөн.

Ал ошондой эле эки тараптын ортосундагы түзүлгөн кызматташтыктын ийгиликтүү болгонун баса белгилеп, келерки жылы Кыргызстанга берилүүчү жардамдын көлөмүн көбөйтүү пландалып жатканын билдирди.

Тараптар саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык турак жайларды куруу боюнча долбоорлорду мындан ары кеңейтүүнү талкуулашты.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катар кайрымдуулук уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жемиштүү иши жана фонддун кыргыз элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз эли үчүн маанилүү долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу боюнча Бишкектеги Катар кайрымдуулук кеңсеси менен тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.

Тэги: глава МИД КР Катар катар чэрити новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу