Бодо мал сатып ала турган фермерлерге 225,8 млн сом насыя берилди

11.09.2023, 14:26 Акчабар
Бодо мал сатып ала турган фермерлерге 225,8 млн сом насыя берилди

Каржы министрлиги “Сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун алкагында бодо мал сатып алууну көздөгөн фермерлер менен жолугууда.  Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, Каржы министринин орун басары Руслан Татиков Кочкор жана Түп райондорунда сүт азыктуулугун жогорулатуу үчүн 70тен ашык фермерлер менен жолукту. 

Долбоор 2023-жылдын жазынан бери Ысык-Көл, Нарын жана Таласта пилоттук режимде ишке ашырылууда. Бул мезгил аралыгында 1737ден ашык дыйкан мамлекеттен 225,8 млн сом каржылоо алган. 

Белгилеп кетсек, долбоор 2025-жылга чейин созулат. Жалпысынан 6 миңден ашык дыйканга мамлекет тарабынан жалпы суммасы 845 млн сомдук финансылык жардам көрсөтүлөт.

Карыз алуучулар 4-8 адамдан турган биргелешкен жоопкерчиликтүү топторго уюшулган. (Топтун айрым мүчөлөрү тарабынан төлөнбөгөн бардык суммалар топтун башка мүчөлөрү тарабынан жабылат). Пайызсыз жана күрөөсүз насыя 3 жылга берилген. Төлөм 3 айда бир жолу жүргүзүлөт.

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу