Бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптарга бюджеттин эсебинен каражат бөлүнөт

15.01.2020, 12:30 Акчабар
Бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптарга бюджеттин эсебинен каражат бөлүнөт

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматына (канды тазалоо боюнча медициналык процедура) республикалык бюджеттин эсебинен каражат төлөнүп берилет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Гемодиализ кызматын көрсөтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан (2019-жылдын 29-августундагы № 441 токтому) бекитилген.

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар гемодиализ кызматын бирдей шарттарда кошумча төлөмсүз, тагыраак айтканда, бюджеттик жана жеңилдетилген категорияларга бөлүнбөй алышат.

Бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмун жеке менчик түрүнө жана жайгашкан жерине карабастан эркин тандоо укугу берилет.

Берилген арыз жана документтердин негизинде бейтаптардын электрондук тизмеси түзүлүп, «Бирдиктүү реестрге» киргизилет. Бул дартка чалдыккандардын тизмесин бекитүү туруктуу түрдө атайын комиссия тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Гемодиализ кызматында дарттын оордугуна жараша бир ай бою сеанс чектелбестен көрсөтүлөт.

Гемодиализ кызматын көрсөтүүнүн төлөмү тиешелүү келишимдин негизинде республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүү үчүн бирдиктүү төлөөчү болуп саналат.

Белгилей кетсек, гемодиализ кызматы тийиштүү лицензиясы бар мамлекеттик жана жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.

Тэги: бөйрөк жабыркаган бейтап бюджет КР каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу