Мамлекеттик салык кызматы, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларацияны берилген мөөнөттөн кеч тапшырганы туралуу маалыматты жарыялады.
Үстүбүздөгү жылдын 3 – октябрында Бирдиктүү салык декларацияны 1 миң 202 мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкер айтылган мөөнөттөн кеч тапшырышкан.
Аталган тизмектин көпчүлүк бөлүгүн муниципалдык кызматкерлер, жергиликтүү бийлик органдары түзөт.
Андан сырткары тизмекте катталган кызматкерлер:
• Мамлекеттик каттоо кызматынан – 25;
• Жогорку Кеңештен – 22;
• Социалдык өнүктүрү министрлигинен – 16;
• Айлана – чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинен – 16;
• Каржы министрлигинен – 13;
• Мамлекеттик салык кызматынан – 13;
• Айыл-чарба министрлигинен – 10;
• Экология боюнча мамлекеттиик инспекциядан – 10;
• ӨКМ – 7;
• Юстиция министрлигинен – 7;
• Маданият министрлигнен – 7;
• Бажы кызматы – 6;
• Өнөр-жай мамлекеттик комитети – 6;
• ТИМ – 6;
• Президенттин жана өкмөттүнИш башкармасы – 6.
Эске сала кетсек, салык декларацияны көрсөтүү жыл сайын 1 – апрельде аяктайт.