Кыргыз-өзбек ишкерлери «Агро Экспортер»форумуна чогулат

10.05.2023, 12:03 Акчабар
Кыргыз-өзбек ишкерлери «Агро Экспортер»форумуна чогулат

Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын 200дөн ашык фермер жана ишкер катышкан форум өтөт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

"Агро экпортер" форуму айыл чарба продукцияларын экспорттоого жана Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн тышкы рынокко чыгуусуна көмөктөшүүгө багытталган. Иш-чара 12-майда Бишкектеги Novotel мейманканасында болот.

Форумда Өзбекстандан келген сатып алуучулар менен түз байланыш түзүү, Кыргызстан менен Өзбекстандын айыл чарба ишканалары В2В жолугушууларынын жүрүшүндө келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

"Бул форум USAIDдин «"Агросоода" долбоорунун алкагында уюштурулууда. Акыркы үч жылда USAID 30дан ашык кыргызстандык компаниялардын эл аралык көргөзмөлөргө катышуусуна демөөрчүлүк кылып, Өзбекстандан келген өнөктөштөр менен форумдарга жана B2B жолугушууларына катышуу үчүн 100дөн ашык кыргызстандык компанияны тартты. Натыйжада, алар өзбекстандык ишканалар менен байланыштарды түзүүгө жана Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүштү", — деп айтылат маалыматта.

"Агросоода" долбоору кыргызстандык дыйкандарды жана айыл чарба ишканаларын колдоп, Өзбекстан менен соода байланышын кеңейтүү аркылуу өлкөдө жумуш орундарын көбөйтүүгө багытталган беш жылдык долбоор.

Тэги: новости Кыргызстана экспорт Кыргызстан Узбекистан фермеры форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу