“Дастан ТНКнын” акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунда 2021-жылга карата ишинин жыйынтыгы боюнча дивиденддерди төлөөгө таза пайданын 25% бөлүү чечими кабыл алынган. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.
Жалпысынан жөнөкөй акциялар пакети боюнча чегерилген дивиденддер 19 млн 005,1 миң сомду же бир кагазга 1,9 сомду түздү.
2021-жылдын аягында "Дастан ТНКнын " акционерлери 970 жеке жана юридикалык жактар болгон. Бирок эң чоң пакет 98,46%, Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматы боюнча, мамлекетке тиешелүү. Ошентип, ал негизги бенефициар болуп саналат. Пакеттин негизинде мамлекетке дивиденддер түрүндө 16,4 млн сом түшүп, бул жалпы чегерилген сумманын 86,3%ын түзөт.
"Дастан ТНКнын" 2021-жылдагы таза кирешеси болжол менен 79 миллион сомду түзгөнүн кошумчалайбыз.