Былтыр берилген насыялардын жарымынан көбү Бишкекке туура келди

11.05.2022, 09:17 Акчабар
Былтыр берилген насыялардын жарымынан көбү Бишкекке туура келди

Кыргызстандын коммерциялык банктарынын кредит портфели 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 180 миллиард 794,9 миллион сомду түздү. Анын ичинен банктардын кредит портфелинин дээрлик 56%ы же 101 млрд 127,1 млн сому Бишкектик карыз алуучуларга туура келген, деп жазды Улуттук статистикалык комитет.

Ошол эле учурда Талас, Нарын жана Баткен облустарынын тургундары эң аз насыя алган. Алардын жалпы суммасы 16 миллиард 547,7 миллион сомду түзүп, борбордо берилген кредиттердин алтыдан бир аз көбүрөөк бөлүгүн түзөт.

Кошумчалай кетсек, кредит портфелинин негизги бөлүгүн соода чөйрөсүндөгү каржылоо, жалпы көлөмдүн 28,3%, айыл чарбасы - 18,9%, керектөөчүлүк муктаждыктары - 11,9% жана ипотека - 10,9% түзөт.

Тэги: кредиты деньги комбанки Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу