Кыргызстанда 209 миңден ашуун кыз-келин жетекчилик кызматтарды аркалайт

17.03.2023, 11:08 Акчабар
Кыргызстанда 209 миңден ашуун кыз-келин жетекчилик кызматтарды аркалайт

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 209 миңден ашык аял жетекчилик кызматтарды ээлейт, бул иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилеринин жалпы санынын 28,2% түзөт. Буга Улуттук статистикалык комитеттин “Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) жана гендер” маалыматынын жыйынтыгы далил болот.

Ошол эле учурда эң чоң гендердик дисбаланс саясий жана атайын кызматтардын деңгээлинде катталат. Алсак, 2022-жылдын башына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген аялдардын саны 37,7%ды түзсө, саясий жана муниципалдык кызматтарда аялдардын 3,9% гана иштейт.

Белгилеп кетсек, Чүй облусунда терс гендердик ажырым бар.

Ошондой эле, изилдөөгө ылайык, аялдар эркектерге салыштырмалуу акысыз үй жумуштарына 5 эсе көп убакыт коротушат.

Тэги: экономика гендерное равестно руководящая должность новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу