Жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад облусунда катталган

26.05.2023, 12:52 Акчабар
Жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад облусунда катталган

Кыргызстанда жумушсуздук жылына 4,2%га азайды. Алсак, 1-майга карата Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуз калктын саны 99,2 миң адамды түздү.

Ошол эле учурда өлкөдө 75,3 миң расмий катталган жумушсуз бар, бул бир жыл мурункуга караганда 3,8% аз.

Графикте келтирилген маалыматтарга караганда, жумушсуздардын көбү Жалал-Абад жана Ош облустарында, тиешелүүлүгүнө жараша 20 миң 814 жана 17 миң 460 адам катталганын көрүүгө болот. Жумуш издеп жүргөн жарандардын эң азы Нарын облусунда катталган – 2 миң 478 адам.

Ошону менен бирге 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жумушсуздуктун олуттуу өсүшүн Баткен облусу көрсөтүп, 13 миң 313 адамды түздү.

Ошондой эле, жылдык маанидеги оң динамикага карабастан, ушул жылдын апрель айына салыштырмалуу өлкөдө жумушсуздук 0,9%га өскөн.

Тэги: новости Кыргызстана безработица Джалал-Абадская область

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу