Коммерциялык банктардын насыя портфели 162.5 млрд сомго жеткен. Карыздардын басымдуу бөлүгү соода тармагына берилген — 41.7 млрд сом. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Экинчи орунда фермерлер турат – алардын насыясы 30.4 млрд сомго жеткен. Керектөөчү насыяга 17.3 млрд сом берилген, ипотекалык насыянын көлөмү 17.2 млрд сомду, өнөр-жай тармагына – дээрлик 14 млрд сом берилген.
Ал эми транспорт тармагына салыштырмалуу аз көлөмдө – 3.5 млрд сом берилген. Даярдоо жана кайра иштетүүгө – 1.9 млрд жана байланышка 256 млн сом берилген.