«Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоору: Насыялардын көбүн «Айыл Банк» берген

16.08.2022, 09:01 Акчабар
«Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоору: Насыялардын көбүн «Айыл Банк» берген

“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун алкагында насыялардын көбүн “Айыл Банк” берген. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча,“Айыл Банк” тарабынан жалпы суммасы 2 млрд 78,7 млн сомго 3 миң 249 насыя берилген.

Берилген кредиттердин көлөмү боюнча экинчи орунда “РСК Банк” турат, жалпы суммасы 1 млрд 661.2 млн сомду түзөт.

“KICB” 519 кредитке 290 млн сом, “Коммерциялык банк Кыргызстан” - 128 млн 388.4 мин сомго, “Капитал Банк” 58 млн 580.3 миң сомго насыя берген.

Министрликтин маалыматы боюнча, эң аз каражат “Кыргызкоммерцбанк” тарабынан берилген – 6 кредитке 20,7 млн сом.

Тэги: сельское хозяйство кредиты комбанки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу