Кыргызстанда каржы ортомчулары менен тоо кенчилер эң көп маяна алат

21.12.2021, 15:20 Акчабар
Кыргызстанда каржы ортомчулары менен тоо кенчилер эң көп маяна алат

Кыргызстанда сентябрь айынын аягында экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча жумушчулардын орточо эмгек акысы 20 миң 27 сомду түзүп, 2020-жылдын ушул айына салыштырмалуу 11,83%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Орточо эмгек акынын өсүшү терс тенденция байкалган мейманканалардын жана ресторандардын ишин кошпогондо, бардык секторлордо байкалган. 

Маалым болгондой, транспорттук ишмердикте жана жүктөрдү сактоодо, финансылык ортомчулукта жана камсыздандырууда, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алууда кызматкерлердин эмгегине акы төлөөдө эң чоң өзгөрүүлөр болду.

Ошол эле учурда эң жогорку кирешелер каржылык ортомчулук жана тоо-кен казып алуу чөйрөсүндөгү кызматкерлерге таандык.


 

Тэги: зарплаты Кыргызстан доходы работа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу