Сурамжылоого катышкан ишкерлердин 77%ы контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү түрдө колдонуу демилгесин колдошкон. Бул тууралуу Кепилдик фондунун жетекчиси Малик-Айдар Абакиров “Кыргызстандагы Эл аралык саламаттык-санитардыкты сактоо эрежелери абалына жана анын экспорттук потенциалына баа берүү” изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен тааныштыруу учурунда билдирди.
Ошол эле учурда, респонденттердин 31% гана өз ишмердүүлүгүндө кассалык аппараттарды колдонору белгилүү болгон.
“Бул быйыл жыл башында кабыл алынган жаңы Салык кодексине ылайык, контролдук-кассалык машина системасын ишке киргизүүнүн баштапкы этабын көрсөтүп турат. Салык жол-жоболорун ачык-айкын кылуу үчүн ККМди киргизүү боюнча демилгелерге карата оң жоопторду да белгилей кетүү керек”, - деди фонддун жетекчиси.