Бонецкий лабораториясы Антимонополия кызматын сотко берет

16.04.2024, 18:02 Акчабар
Бонецкий лабораториясы Антимонополия кызматын сотко берет

Аталган лаборатория ЖМКларда жарыяланган Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан "Интелмед" ЖЧКсына (Бонецкий лабораториясы) салынган айып тууралуу түшүндүрмө берди. 

Түшүндүрмөдө компания Кыргызстандагы мыйзамды сыйлаган ири салык төлөөчү ишкана экендигин белгилеген. Ошондой эле, 2021-жылдын январында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мамлекеттик лабораториялар үчүн баалардын прейскуранты бекитилип, ал Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылгандыгы айтылат. 

"Бир ПЦР-тесттин баасы 1 миң 574 сом деп белгиленген. Ошол эле учурда, ПЦР-тестин жүргүзүүгө аккредитация алган бардык жеке лабораториялардагы баалар министрлик бекиткен баалар менен дээрлик бирдей болгон. Бирок эмнегедир Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын биздин компаниянын гана ишмердүүлүгүнө кызыкканы, бул аталган уюмдун бир жактуулугун айгинелейт", - деп билдирди компания. 

Ошондой эле, лаборатория Антимонополия кызматынын Бонецкийдин лабораториясы "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамды бузган деген билдирүүсү чындыкка дал келберин жана бул үчүн сотко даттанарын билдирген. 

“Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын биздин компаниядан “мыйзамсыз имиш” деп болжолдоп жаткан кирешени республикалык бюджетке өндүрүп алуу жөнүндө токтому КРнын Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө Жарлыгын одоно бузууда. Атап айтканда, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы биздин компанияга мыйзамсыз текшерүү жүргүзүп, өз эсептөөлөрүндө биздин өндүрүштүк ишмердүүлүгүбүз тууралуу маалыматтарды атайылап бурмалаган”, - деп айтылат түшүндүрмөдө. 

Андан тышкары, билдирүүдө мамлекеттик мекеме жалпыга маалымдоо каражаттарына өзүнүн токтомун берүү менен КРнын Конституциясынын 57-беренесин бузгандыгы айтылат.

"Конституцияда кайсы бир тараптын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилдениши жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгилениши керек деп жазылган”, - деп айтылат маалыматта. 

Түшүндүрмөдө пандемия учурунда өкмөт жеке бизнеске кайрылып, Covid-19 ПЦР-тесттерин изилдеген кошумча лабораториялык кызматты тез арада уюштурууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылгандыгы айтылат. 

"Өлкөнүн жетекчилигинин өтүнүчүнө биздин компания биринчилерден болуп реакция жасап, ошол учурдагы кыйынчылыктарга жана дүйнөдөгү көтөрүлгөн бааларга карабастан, өлкөгө жабдууларды, реагенттерди, беткаптарды жана башка керектүү материалдарды алып келген. Ошентип, жеке компаниялардын аракети менен өлкөдөгү социалдык көйгөйдү жеңилдетүү мүмкүн болгон. ПЦР-тест кызматына калктын суроо-талабынын кескин өсүшү пандемияга жана өлкөдөн сыртка чыккан жарандарга мындай тесттин милдеттүү түрдө талап кылынгандыгына байланыштуу болгон. Бирок ал жагдайдын, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өзүнүн чечиминде “монополиялык жогорку бааларды койгон” деп далилдөөгө аракет кылгандай, биздин компанияга эч кандай тиешеси жок", - деп айтылат билдирүүдө. 

Компания мамлекеттин бюджетине тиешелүү бардык салыктарды жана социалдык чегерүүлөрдү төлөп келген. Атап айтканда 2020-жылы – 86 млн 850 миң 246 сом, 2021-жылы – 251 млн 019 миң 706 сом, 2022-жылы - 190 млн 478 миң 804 сом, 2023-жылы - 117 млн 006 миң 627 сом төлөгөн. 

"Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мындай популисттик маалымат таратуу менен биздин компаниянын ишмердүүлүгүнө карата коомчулукта алдын ала терс пикир жаратууга жана Бонецкийдин лабораториясынын өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сот органдарына кайрылуу укугунан ажыратууга аракет кылууда деп эсептейбиз", - деп белгилешти компаниядан. 

Тэги: Бонецкий лаборатория ПЦР тест антимонополия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу