Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин тийиштүү кызматы быйыл үч айда автоунаасы абаны булгаган айдоочуларга 105 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Маалыматка ылайык министрлик Жол кайгуул кызматы менен чогуу 25 иш-чара өткөрүп, анын жүрүшүндө 383 автоунааны текшерген. Анын жыйынтыгында айдоочуларга 105 миң сом айып салынды.
Мындан тышкары элүү ишкана текшерүүдөн өтүп, алар 607 миң сом айып пул төлөрү белгиленди.