Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Бишкек шаарынын Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, комиссия мүчөлөрү Ленин районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгын тааныды.
Ошентип, эң көп добуш алган Кубанычбек Самаков Жогорку Кеңештин депутаты болду. Ага 5 миң 279 шайлоочу (26,17%) добуш берген.
Белгиленгендей, комиссиянын чечимине үч күн ичинде даттанууга болот.