Быйыл жол курууга 17 млрд сом бөлүндү

24.11.2022, 11:52 Акчабар
Быйыл  жол курууга 17 млрд сом бөлүндү

Кыргызстанда быйыл 10 айда жолдорду курууга 17 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалымат боюнча, жыл аягына чейин жол тармагына тиешелүү материалдарды сатып алуу, жолдорду оңдоо жана башка иш-чараларга 18,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт. Ошондой эле, 2021-жылга салыштырмалуу капиталдык салымдар эки эсеге өскөн.  

Былтыр жол тармагына 2,1 млрд сом өлчөмүндө капиталдык салым салынган. 

Быйыл 10 айда капиталдык салымдар 4,5 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 2,4 миллиард сомго көбөйдү. Мамлекеттик инвестициялар 9,5 миллиард сомго каржыланды. Жалпысынан жол тармагына 17,0 млрд сом бөлүнгөн.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу