Быйыл өлкөдө “Социалдык келишим” долбоору боюнча 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берүү пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Нарын шаарында Нооруз майрамына карата өткөн салтанаттуу иш-чарада билдирди.
“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында Нарында 600 үй-бүлөгө жардам көрсөтүү пландалууда.
Эске салсак, 2021-жылы “Социалдык келишим” пилоттук долбоору ишке ашырылган. Алсак, 2022-жылы 2800 аз камсыз болгон үй-бүлө өздөрүнүн жеке бизнесин түптөө жана өнүктүрүү үчүн 100 миң сомдон алышкан.