Быйыл он айда бажыдан бюджетке 89,7 млрд сом түштү

11.11.2023, 10:01 Акчабар
Быйыл он айда бажыдан бюджетке 89,7 млрд сом түштү

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, бул айда 10,2 млрд сом өндүрүлүп, белгиленген план 104,4%га аткарылган. Бул жыйынтык Мамлекеттик бажы кызматы пландагыдан 429,9 млн сомго көп жыйнаганын билдирет.  Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу бажы төлөмдөрүн чогултуу 4,1 млрд сомго көбөйүп, 166,2%га өскөн. 

Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын 10 айында Мамлекеттик бажы кызматы жалпысынан 89,7 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогултуп, жылдык болжол 107,7%га аткарылган же пландан 6,4 млрд сомго көп өндүрүлгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажы жыйымдарын чогултуу 30,6 млрд сомго көбөйүп, 151,9%га өскөн.

 

Тэги: бажы алымдары Бажы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу