Быйыл Баткен облусунда 24 мектеп куруу пландалууда

17.11.2023, 15:40 Акчабар
Быйыл Баткен облусунда 24 мектеп куруу пландалууда

Баткендин Базар-Башы кварталында жаңы мектеп курулууда. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, билим уясы 500 орунга ылайыкташкан.

Курулушка республикалык бюджеттен 133 млн сом жумшалууда. Учурда иштер 40 пайызга аяктады. Объектти 2024-жылы пайдаланууга берүү пландалып жатат.

Быйыл Баткен облусунда жалпы 24 мектеп куруу жана капиталдык оңдоп-түзөө мерчемделген. Бүгүнкү күндө жети мектеп ачылды, дагы алтоо пайдаланууга берүү алдында турат.

Тэги: мектеп курулуш Баткен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу