Япония дүйнөдөгү эң күчтүү паспорт тизмесинде кайрадан сап башына чыкты

20.02.2023, 14:06 Акчабар
Япония дүйнөдөгү эң күчтүү паспорт тизмесинде кайрадан сап башына чыкты

Япония беш жылдан бери дүйнөдөгү эң күчтүү паспорттордун тизмесинин башында турат. Анын паспорту менен дүйнөдөгү 227 өлкөнүн 193үнө (85 %) визасыз кирүүгө болот. Бул тууралуу Henley Passport Index билдирди.

Маалыматка ылайык, дүйнөдөгү эң күчтүү паспорттор Азия өлкөлөрүнө таандык. Экинчи орунда 192 багытка акысыз кирүү менен Түштүк Корея жана Сингапур турат. Ал эми Германия менен Испания биргелешип 3-орунда - 190 багытка визасыз кирүү мүмкүнчүлүгү бар.

Henley Passport Index иммиграция консультациялык компаниясы Henley & Partners тарабынан түзүлөт. Ал ошондой эле паспорт индексинин маалыматтарын Дүйнөлүк Банктын ИДП көрсөткүчтөрү менен бириктирип, Henley Passport Power упайын түзгөн.

Быйыл дүйнөдөгү эң күчтүү паспорттордун тизмеси төмөнкүдөй:

  • 1. Япония (193 багыт),
  • 2. Сингапур, Түштүк Корея (192 багыт),
  • 3. Германия, Испания (190 багыт),
  • 4. Финляндия, Италия, Люксембург (189 багыт),
  • 5. Австрия, Дания, Нидерланды, Швеция (188 багыт),
  • 6. Франция, Ирландия, Португалия, Улуу Британия (187 багыт),
  • 7. Бельгия, Жаңы Зеландия, Норвегия, Швейцария, АКШ, Чехия (186 багыт),
  • 8. Австралия, Канада, Греция, Мальта (185 багыт),
  • 9. Венгрия, Польша (184 багыт),
  • 10. Литва, Словакия (183 багыт).

Белгилеп кетсек, Кыргызстандын паспорту менен 25 өлкөгө визасыз кирүүгө болот. Алар: Армения, Беларусь, Грузия, Молдова, Казахстан, Россия, Тажикстан, Украина, Өзбекстан, Микронезия, Самоа, Монголия, Малайзия, Индонезия, Вьетнам, Түркия, Антигуа жана Барбуда, Барбадос, Гренада, Доминика, Куба, Гаити, Тринидад жана Тобаго, Эквадор.

Кыргыз жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдө 30-90 күнгө чейин жүрүүгө болот. Ал ар бир өлкө менен түзүлгөн келишимге жараша болот. Мисалы. Украина, Монголия, Түркия менен 90 күндүк макулдашуу бар. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрү менен виза алынып салынган.

Эң кыска мөөнөт Вьетнам жана Доминика. Вьетнамда кыргыз жарандары 15 күн гана визасыз жүрө алышат. Доминикада болсо 21 күн.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу