Быйыл дыйкандар сапаттуу үрөндөр менен камсыздалат

01.02.2024, 15:31 Акчабар
Быйыл дыйкандар сапаттуу үрөндөр менен камсыздалат

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Б.Мамбетов Кыргызстандын үрөн ассоциациясы жана айыл чарба үрөндөрүн жеткирүүчүлөр менен жумушчу кеңешме өткөрдү. 

Талкууда жогорку түшүм алуу үчүн фермерлер менен дыйкандарды бир гана сертификациядан өткөн үрөндөрдү колдонуусуна байланыштуу көйгөйлөр баса белгиленип, ири үрөн берүүчүлөрдү мамлекеттик колдоонун зарылдыгы да айтылды. 

“2024-жылдын жазгы айдап-себүү иштерине республиканын дыйкандары негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапаттуу үрөндөрү менен тез арада камсыздалат”, - деп баса белгиледи Б.Мамбетов.

Жолугушууда ар бир жеткирүүчү менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн жана себүүчү материалдарын жеткирүү жаатында кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду. 

Тэги: жазгы үрөн айыл чарба жумуш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу