Быйыл эгин талааны сугарууга 1 млрд сом бөлүү пландалууда

16.02.2023, 11:17 Акчабар
Быйыл эгин талааны сугарууга 1 млрд сом бөлүү пландалууда

Парламенттин бүгүнкү жыйынында жазгы-талаа иштерине даярдыктын жүрүшү талкууланды. Анда быйыл ирригацияга 1 млрд сом каралып жатканы айтылды.  Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков быйыл бардык аймактарда жазгы-талаа иштерине даярдык өз деңгээлинде жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, быйыл аймактарды үрөн, минералдык жер семирткич, күйүүчү май жана айыл чарба техникасы менен камсыз кылууда эч кандай көйгөй жаралбайт.  

"Кыргызстанда дыйкандары күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуу үчүн  нефтетрейдерлер ассоциациясы менен келишим бар. Бүгүнкү күндө  бизге керектүү болгон 42 миң тонна  күйүүчү май даяр.  Бензин, дизель  менен 100% камсыз кылынат. Ал эми минералдык жер семирткичтер боюнча 17 компания алектенет. Учурда  40миң тонна минералдык жер семирткич бар. Баасы былтыркыга салыштырмалуу төмөн", - деди министр Аскарбек Жаныбеков. 

Анын айтымында, ирригацияга быйыл 1 млрд сом каралууда. Ал каражатка   816 чакырым  чарбалык каналдарды тазалоо пландары да кирет. 

Депутат Нурбек Алимбеков жайыттардын жарактан чыгып жатканы боюнча маселе көтөрдү.  Ошондой эле ал лизингге техника алуу өтө татаал экенин белгиледи.  

"Бизге кайрылгандардын маалыматы боюнча техника алуу шарттары өтө татаал экен. Банкта 2-6 айга чейин каралат дейт.  Андан тышкары 20% акчаны алдын-ала алат дешет. Бул нерсени да жеңилдетүү керек", - деди ал.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу