Быйыл экономиканын өсүү темпи 104,5% деңгээлинде күтүлүүдө

24.03.2023, 10:30 Акчабар
Быйыл экономиканын өсүү темпи 104,5% деңгээлинде күтүлүүдө

Быйыл 2023-жылга карата экономиканын өсүү темпи 104,5% деңгээлинде күтүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңешинин жыйынында белгилүү болду. 

Жыйында өкмөт орто мөөнөттүү мезгилге, тагыраагы 2024-2028-жылдарга Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн сунушталып жаткан базалык сценарийин колдоо чечимин кабыл алды.
 
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун айтымында быйыл Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын экономикасынын өсүү болжолун кайра карап чыккан. Анда 2023-жылы экономикалык өсүү 3,2%дан 3,5%га жана 2024-жылы 3,8%га чейин болот. 

Ошондой эле, Дүйнөлүк банк ата мекендик экономикага карата болжолун жакшыртты.

“2023-жылга өсүү мурдагы 3,4%дын ордуна 3,5% деңгээлинде болжолдонууда, 2024-жылга өсүү 4% деңгээлинде болжолдонууда”,  - деп айтылат маалыматта. 
 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу