Быйыл Эмгек акы төлөө фондуна 114, 4 млрд сом бөлүндү

14.03.2023, 11:12 Акчабар
Быйыл Эмгек акы төлөө фондуна 114, 4 млрд сом бөлүндү

Быйыл Эмгек акы фондунун көлөмү 114, 4 миллиард сом болду. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 49 миллиард сомго көп. Бул тууралуу Каржы министрлигинин Штаттык санды жана эмгек акыларды талдоо башкармалыгын башчысы Иса Бакиров билдирди. 

Былтыр бюджеттик тармактын кызматкерлеринин ар бир категориясы үчүн акы төлөө шарттарын жөнгө салган жоболор иштелип чыккан.

Маалыматка ылайык, кызматкерлердин үстөк акылары жана төлөмдөрдүн айрым түрлөрү бирдиктүү шарттарга келтирилген. Ага ылайык, кызматкерлердин эмгек акысынын кепилденген бөлүгү жалпы эмгек акынын үчтөн эки бөлүгүн түздү. 

“Минималдык базалык чен колдонулду. Бул минималдык базалык чен бардык кызматкерлер үчүн бирдей болду. Анын өлчөмү 2022-жылы жашоо минимумунан төмөн эмес 7040 сом өлчөмүндө белгиленди”, - деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, мамлекеттик кызматка квалификациялык кадрларды тартуу үчүн эмгек акыны төлөөнүн жаңы системасы киргизилген. Эмгек акы 150%дан 250%га чейин көтөрүлгөн. Былтыр бардык кызматкерлердин эмгек акысы этап-этабы менен көтөрүлгөн. Муну менен 2022-жылы эмгек акыга кошумча 35,5 миллиард сом каражат каралган. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу