Амангелдиев: Быйыл ИДПны 1 трлн сомдон ашыруу пландалууда

16.02.2023, 15:00 Акчабар
Амангелдиев: Быйыл ИДПны 1 трлн сомдон ашыруу пландалууда

Бүгүн мекемелер аралык жыйында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 2023-жылга Кыргызстандын ички дүң өнүмүн 1 трлн сомго көтөрүү пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Жыйында министр Амангелдиев экономикалык өнүгүүнүн башкы көрсөткүчү, анын 5%дан кем эмес өсүшү экенин белгилеп, быйыл ИДӨнүн көлөмүн 1 трлн сомдон ашыруу пландалып жатканын айтты.

"Бул багытта реалдуу секторду бекемдөө, өндүрүштүк, экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө шарттарды түзүү боюнча чаралар кабыл алынат. Ошол эле учурда импортко көз карандылыкты азайтуу аракеттери көрүлөт", - деди ал.  

Бул планды ишке ашыруу үчүн жалпы өнүктүрүү фондунан каражат тартылып, конкреттүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат. 

"Мындан тышкары, "Бир айыл - бир продукт" улуттук долбоорун аймактарга жайылтуу концепциясы жана жол картасы иштелип чыгат", - деди Амангелдиев.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу