Быйыл биринчи кварталда алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 146,7 млн. долларды түзсө, 2022-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 119,9 млн. доллар болгон. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, биринчи кварталда “Кумтөр Голд Компани” ЖАК 77 547 унций же 2 миң 412 кг алтын сатса, 2022-жылдын ушул чейрегинде бул көрсөткүч 63 миң 077 унций же 1 миң 962 кг алтынды түзгөн.
Белгилеп кетсек, “Кумтөрдө” өндүрүлгөн доре куймаларын Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо андан ары иштетүү үчүн “Кыргызалтын” ААК сатып алат. Аффинаждалган алтынды жана күмүштү Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары сатуунун өзгөчө укугу “Кыргызалтын” ААКсына гана таандык.