Быйыл «Кумтөр» Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна 850 млн сом бөлөт

16.05.2023, 17:15 Акчабар
Быйыл «Кумтөр» Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна 850 млн сом бөлөт

Бүгүн Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн пландарына кызыкты. 

Депутат Жеңишбек Токторбаев “Кумтөр” облусту өнүктүрүү фондуна жылына канча каражат бөлөрү тууралуу сурады. 

Президенттин аймактагы өкүлү Ильяз Иманбетов 1998-жылдан бери “Кумтөр” Аймакты өнүктүрүү фондуна 6,8 млрд. сом которгонун айтып, быйыл 850 млн. түшөрүн билдирди. 

Анын айтымында каражат негизинен социалдык долбоорлорго жумшалат. Ысык-Көл облусунун беш району, эки шаары арыз беришет. Алар каралып, андан кийин каржылоо боюнча чечимдер кабыл алынат. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу