Кыргызстан Кытайдан газ менен жүргөн 500 автобус сатып алат

22.05.2023, 09:30 Акчабар
Кыргызстан Кытайдан газ менен жүргөн 500 автобус сатып алат

Быйыл Кыргызстан Кытайдан газ менен жүргөн 500 автобус сатып алат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында Zhongtong bus Holding Co., LTD автобус чыгарган заводдун иши менен таанышты.

"Буга чейин бул заводдон Бишкек шаары үчүн газ кыймылдаткычтуу 120 автобустун партиясы сатылып алынган. Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бюджеттик каражаттардын эсебинен бул маркадагы автобустун дагы 1000 кошумча партиясын сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү чечими кабыл алынган эле. Бул жерде Кыргызстан үчүн миңинчи партиядан чыккан биринчи автобустун салтанаттуу чыгарылуусу жана бет ачары болду. Автобустардын бул партиясы этап-этабы менен Бишкекке жеткирилет. 500 автобустун биринчи партиясы этап-этабы менен үстүбүздөгү жылы, кийинкиси 2024-жылы жеткирилет деп күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, “Zhongtong Bus Holding Co., LTD.” компаниясы Кытайдагы эң алгачкы автобус өндүрүүчүлөрдүн бири.

Тэги: автобус Кытай президент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу