Быйыл 2023-жылдын жети айында Өзбекстан Кыргызстанга 756 даана жүк ташуучу унаа экспорттогон. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстан 2023-жылдын январь-июль айларында алты чет өлкөгө 11,6 млн долларга 1069 жүк ташуучу унаа экспорттогон.
Жүк ташуучу унаалардын экспорту 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 630га өскөн.