Быйыл Кыргызстанда жаңы жети үзгүлтүксүз аба каттамы ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттамдар Кытайдын Сиань, Чэнду шаарларына, Абу-Даби, Сеулга, Анкара, Баку жана Жиддага аткарылууда.
Бүгүнкү күндө "Манас" аба майданынын маршруттук тармагы 40 багытты камтыйт. Анын ичинен 36сы эл аралык болсо, төртөө ички каттамдар.