Быйыл күзүндө жергиликтүү кеңештерде шайлоо өтүшү мүмкүн

14.06.2024, 09:45 Акчабар
Быйыл күзүндө жергиликтүү кеңештерде шайлоо өтүшү мүмкүн

Административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештерди мөөнөтүнөн мурда шайлоону быйыл күзүндө өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал аталган реформанын максаты айылдарды бириктирип, шаарларды кеңейтүү экенин, натыйжада айыл аймактар 452ден 235ке азая турганын кошумчалады.

Белгилеп кетсек, парламент административдик-аймактык реформага байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Тэги: Шайлоо жергиликтүү кеңеш Акылбек Жапаров реформа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу