Быйыл өлкө боюнча 125 миң ири мүйүздүү малга чип тагылды

30.03.2023, 14:35 Акчабар
Быйыл өлкө боюнча 125 миң ири мүйүздүү малга чип тагылды

Быйыл малдын төлдөрү идентификациядан өтүп,  124 809 баш ири мүйүздүү мал ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизилди. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2016-жылдан тарта ири мүйүздүү мал жандыктарды идентификациялоо (чип тагуу) иштери башталган. Натыйжада өлкө боюнча 2 030 871 баш ири мүйүздүү мал ЖИКС маалымат тутумунун активдүү статусуна катталды. 

“2021-жылдын 1-февралынан тартып жылкыларды идентификациялоо  иштери башталган. Өлкө боюнча 547,1 миң баш жылкы пландалса, бүгүнкү күндө 547 176 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, каттоого алынып, план 99% аткарылды”, - деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, 2022-жылдын 17-мартынан тарта асыл тукум кой-эчкилерди идентификациялоо иштери башталган. Пландалган малдын саны 43 092 башты түзсө, бүгүнкү күнгө ЖИКСге 37,3 миң баш асыл тукум кой-эчки идентификациядан өтүп, план 99,5% аткарылган.

“Бүгүнкү күндө Кемин, Араван, Түп райондорунда кой-эчкилерди идентификациялоо жана ЖИКС маалыматтык тутумуна каттоо пилоттук иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат министрликтин маалыматында. 

Ошондой эле, 2020-жылдын 10-февралынан тарта балык, аары бал челектерди жана үй канаттууларын идентификациялоо иштери башталган. Бүгүнкү күндө 80,2 миң  аары бал челек, 911 көлмө жана 37 үй канаттуулар чарбасы идентификациядан өткөрүлүп, жеке үй чарбалардагы үй канаттуулар каттоого алынды.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу