Быйыл Ош облусунда 2,6 миң адам менен «социалдык келишим» түзүлдү

11.05.2023, 12:50 Акчабар
Быйыл Ош облусунда 2,6 миң адам менен «социалдык келишим» түзүлдү

Ушул жылы Ош облусунда 2612 үй-бүлө менен мамлекет “социалдык келишим” түздү. Ал эми өткөн жылы 350 үй-бүлө менен түзүлгөн. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда "Социалдык келишим" долбоорунун максаттуу жана натыйжалуу ишке ашуусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.

“Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Жантаевдын тапшырмасы менен мониторинг жүргүзүү иштерин Ноокат, Кара-Суу, Араван райондорунда жасап, ишкердикке багыт алган жарандарыбыздын аткарып жаткан жумуштары, келечек пландары жана көйгөйлүү маселелери менен таанышып, айрым келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү маселелерин карадык”, - деп жазган ал.

Ош облусунда “Социалдык келишим” долбоору аркылуу жөлөк пул алгандар мал, кой чарбачылыгы, кийим тигүү, соода-сатык, дыйканчылык, калкты тейлөө багытында чакан бизнес долбоорлорду ишке ашырууда.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу