Быйыл Ош облусунда дагы 24 жаңы мектеп курулат

09.02.2024, 11:55 Акчабар
Быйыл Ош облусунда дагы 24 жаңы мектеп курулат

Быйыл Ош облусунда дагы 24 жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү Элчибек Жантаев билдиргенин анын маалымат кызматы кабарлады.

Облус башчысы Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү Алымкул Үсөнбаев атындагы орто мектептин ачылыш аземине катышкан.

"Былтыр өлкө боюнча бүткөрүлгөн 100 мектептин 30у Ош облусунда салынды. Балдарыбыздын билим алуусу жана өсүп-өнүгүшүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, билимге өзгөчө көңүл бурулуп, аймактарда көптөгөн жаңы мектептер ачылып жатат. Билим берүүнү эң жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн мындан ары да жумуштар күчөтүлөт", — деди Жантаев.

Жаңы ачылган билим берүү мекемеси 118 миллион сомго бүткөрүлгөн. Окуу корпусунан сырткары спорт зал, отказаны бар.

Тэги: мектеп Ош Элчибек Жантаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу