Быйыл республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 282,1 млрд сом деп каралды

20.01.2022, 09:57 Акчабар
Быйыл республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 282,1 млрд сом деп каралды

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2022-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 282,1 млрд сом өлчөмүндө каралууда.

Белгилей кетсек, номиналдык мааниде республикалык бюджеттин кирешелери 2021-жылдын бекитилген бюджетине карата 63,2%га же 109,2 млрд сомго көбөйгөн.
2023-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 295,8 млрд сомду жана 312,2 млрд сомду түзөт.

2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 291,2 млрд сом өлчөмүндө белгиленүүдө, бул 2021-жылдын бекитилген бюджетинен 109,9 млрд сомго көп. 2023-2024-жылдар аралыгында Республикалык бюджеттин чыгашасы тиешелүүлүгүнө жараша 303,5 миллиард сомду жана 303,8 млрд сомду түзөт.

Республикалык бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларын эске алуу менен 2022-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 9,1 млрд сомду же ИДПга карата 0,8%ды түзөт.

Мында 2023-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 7,7 млрд сом же ИДПга карата 1,0% деңгээлинде болжолдонууда. Бирок 2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 8,3 млрд сом деп болжолдонууда.

Ошону менен бирге өлкөнүн бардык мамлекеттик башкаруу секторун камтыган 2022-жылга консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 403,9 млрд сом деңгээлинде болжолдонуп жатканын белгилей кетүү керек.

Кошумчалай кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Тэги: республикалык бюджет Кыргызстан Садыр Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу