Жыл аягына чейин Кыргызстанда 204 мектеп жана 49 бала бакча курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Мындан тышкары, 18 медициналык мекеме жана 30 маданий объект салынат.
“Буга 9 млрд сом сарптоо пландалууда. Ошондой эле, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине атайын техникаларды сатып алуу үчүн 4,9 млрд сом жумшоо пландалууда”, - деди ал.