Быйыл социалдык жактан аялуу катмарга 15,8 млрд сом бөлүндү — Жапаров

07.02.2023, 15:44 Акчабар
Быйыл социалдык жактан аялуу катмарга 15,8 млрд сом бөлүндү — Жапаров

Чүй облусунун Сокулук районунда социалдык-эмгек реабилитациялык борбору ачылды. Аталган реабилитациялык борбордун курулушун “Ассанабил” кайрымдуулук фонду каржылаган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Мекеменин ачылышына катышкан Министрлер кабинетинин төрагасы калктын социалдык жактан аяр катмарына жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга колдоо көрсөтүү, жөлөк пулдардын жана социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүнүн жогорулатылышы тууралуу айтты. 

“Бул максатта республикалык бюджеттен бөлүнгөн жалпы сумма 15,8 млрд сомду түздү. Ошондой эле электр энергиясына болгон тарифтер да 50% төмөндөтүлүп, бала кезинен ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын камкорчулары мамлекет тарабынан өмүр бою камсыздоо алат. Бул багыттагы иштер улантылат. Эң негизгиси, алардын коомдо толук кандуу жашоосуна шарт түзүү”, - деди Акылбек Жапаров. 

Ошондой эле, өкмөт башчы аз камсыз болгон 2800дөн ашуун адамга 100 миң сомдон берилгенин, бул каражат келечекте үй-бүлөгө киреше алып келе турган социалдык көмөк экенин белгиледи. Анын айтымында долбоорго тартылган үй-бүлөлөрдүн саны 10 миңге чейин көбөйтүлөт. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу