Жыл башынан бери “Сосновка” өткөрмө жайында төлөмдөрдү чогултуу былтыркыга салыштырмалуу 55%га өскөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев “Фейсбук” баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, Тилек Текебаев “Сосновка” жана “Кара-Көл” конуштарындагы постторго видеокөзөмөл орнотууну тапшырган. Мындан улам, быйыл беш айда “Сосновка” өткөрмө пунктунда төлөмдөрдү чогултуу былтыркыга салыштырмалуу 55%га өскөн.
Ошондой эле министр, көзөмөлдүн жыйынтыгы натыйжасын берип жатканын айтып, тыкыр көзөмөл мындан ары да улана турганын кошумчалады.